• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фоторепортаж — Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон жумушчу визити аяктады

Президент 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 26-28 апрелинде жумушчу визит менен Кытай Республикасынын Пекин шаарында болду.

Визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуусу болуп, анда эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак — бир жол» Экинчи форумуна катышты.

Форумдун сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы Пекинде ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо, CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь, «China Railway Construction Corporation Limited» Кытай темир жол курулуш компаниясынын төрагасы Чэнь Фэньцзиан, «Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков SINOMACH корпорациясынын иши менен таанышты жана башкармалыктын Төрагасы Чжан Сяолун менен жолугушту.

Мамлекет башчысы «Экспо-19» Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргыз Республикасынын павильону менен таанышты.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жана башка делегациялар башчылары менен бирге «Достук оазиси» гүлбакчасында дарак тикти, «Эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсү-2019дун» ачылыш аземине катышты. 2019-жылдын 28-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жумушчу визити аяктады. 29-апрелде түндө Мамлекет башчысы Кыргызстанга кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий