• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Фоторепортаж — Жээнбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнү

Президент 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-августта Мамлекет башчысы Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ат-Башы, Нарын райондоруна, ошондой эле Нарын шаарына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ат-Башы районунда Мамлекет башчысы жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплекси курулуп жаткан сүттү кайра иштетүүчү ишкананы көрүп чыкты.

Райондун ички жолдорун жана алыскы Казыбек айыл өкмөтүндөгү ирригациялык каналдарды оңдоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Ошондой эле жугуштуу оорулар бөлүмүн реконструкциялоо мүмкүнчүлүгү карала турган Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын ишмердиги менен таанышты.

Мындан сырткары, Президент Нарын шаарындагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө өткөрүү пландаштырылган «Акылдуу шаар» пилоттук долбоорун ишке ашыруу каралган санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Сооронбай Жээнбеков Нарын аймактык ооруканасынын жаңы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн 70 койко-орунга эсептелген эксперименталдык имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты, анын курулушун 2020-жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Мамлекет башчысы иш сапарын Нарын районуна баруу менен аяктады. Бул жерден ал Кеңеш айылында ноябрь айында бүтөт деп пландалган 150 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Былтыр окуучулар аргасыздан контейнерлерден куралган мобилдик мектепте окууга мажбур болушуп, коомчулуктун кеңири резонансын жараткан.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков станциянын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча модернизациялоо иштери улантылып жаткан Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун жүрүшүн көрүп чыкты.

5 миң гектар жерди сугат суу менен ырааттуу камсыз кыла турган жана жаңы 2 миң гектар жерди өздөштүрө турган Куланак каналынын курулушунун долбоору менен таанышты. Аны Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын экинчи этабынын алкагында 2026-жылга чейин бүткөрүү пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда жергиликтүү тургундар таза суу, бала бакча көйгөйлөрү, ички жолдордун абалы, мектеп директорлорун ротациялоо зарылдыгы жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле айрым инфраструктуралык объектилердин авариялык абалы, бейтаптар үчүн койко-орундардын жетишсиздигине токтолушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков экспорттук потенциалы бар жогорку сапаттагы өнүмдөрдү чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, анын ичинде айыл жериндеги жаңы өндүрүш ишканаларын 5 жылга чейин салыктын төрт түрүнөн бошотуу чаралары тууралуу айтып берди.

Ал ирригациялык долбоорлорду, өлкөнүн санариптештирүү, медициналык жана билим берүү мекемелерин куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашыруунун өзгөчө маанисин дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстанда электр кубатын өндүрүүнүн негизги булагы болгон ГЭСтерди реабилитациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык маселелер тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан карала тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий