• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фоторепортаж — Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйыны өттү

Президент 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында Сооронбай Жээнбеков сот реформасын ишке ашыруудагы оң жылыштарды белгилеп, негизги кемчиликтерге токтолгон. Ал сот системасын толугу менен санариптештирүүгө саясий эрк жана мүмкүнчүлүк бар экендигин баса белгилеген. Бирок реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, судьялардын ички абийиринен, инсандык тазалыгынан, адилеттүүлүгүнөн көз каранды экенин айткан.

«Аны саботаж кылгандардан, мүмкүнчүлүгү болуп туруп, ишке ашырбагандардан тазаланабыз, алар менен коштошобуз. Соттук-укуктук реформа биздин мамлекетке аба менен суудай керек. Муну менен экономика, инвестиция, мамлекеттин бүт тагдыры байланышкан», — деп, ал жакынкы келечекте аткарылышы керек болгон негизги милдеттерди атап өткөн.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиеванын, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, юстиция министри Марат Жаманкуловдун, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировдун жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын нормаларын пайдалануу маселелери, ошондой эле жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана жылдыруу боюнча докладдары угулган.

Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары, кеңештин мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча өз пикирлери менен бөлүшүшкөн.

Жыйындын жыйынтыгында сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйналышынын чечиминин долбоору кабыл алынган.

Эске салсак, КР президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны 2018-жылдын 17-майында, экинчи жыйыны 2018-жылдын 27-декабрында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий