• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фоторепортаж – Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин VI саммитинин жыйыны

Саясат 0

Бишкек, 03.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине (ТТМК) мүчө мамлекеттер башчыларынын VI Саммитинин жыйыны өттү.

Саммитти ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан саммитке ардактуу конок катары катышышты.

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.

ТТМКга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун ишмердигин мындан ары карай өркүндөтүү боюнча кадамдарды, экономика, соода, транспорттук коридорлорду пайдалануу, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маслелерин талкуулашты.

Саммиттин жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге, анын ичинде Биргелешкен декларацияга кол коюлду. Саммиттин маанилүү учурларынын бири — Венгрияга Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинде байкоочу статусун ыйгаруу жөнүндө чечимге кол коюу.

Андан тышкары, Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине (ТТМК) мүчө мамлекеттер башчыларынын Саммитинде Түрк кеңешинин Башкы катчысын алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Багдад Амреев Кеңештин жаңы жетекчиси болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий