• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал Сооронбай Жээнбеков үчүн! (фоторепортаж)

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон үгүт кампаниясын улантууда. Ал Жалал-Абад областынын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун жанаТаш-Көмүр шаарынын шайлоочулары менен жолугушту. Ар бир райондо талапкер менен жолугушууга 10 миңге чейин шайлоочулар келишип, Сооронбай Жээнбековду чоң сүрөөн менен тосуп алышып, колдоолорун билдирип жатышты.

Аксылыктар Сооронбай Жээнбековго жеңиштин символу болгон ак боз атты тартуу кылышты. Муну менен бирге талапкер элдин батасын да алды. Чаткал районунда Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү команда менен волейбол ойноп, спортзалдар ар бир айылга курула турганын белгиледи.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 15.09.2017-ж.

Пикир

Оставить комментарий