• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фоторепортаж – Жээнбеков иш сапары менен Индия жана Сауд Арабиясына барып келди

Президент 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Нью-Дели шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысы Индиянын Премьер-министринин инаугурация аземине катышып, аны менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Буга чейин айтылгандай, Нарендра Моди үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга иш сапары менен келет.

Андан соң, 31-майда, Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королдугуна барып, Мекке шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышты. Саммитинин кезектеги сессиясы Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өттү.

Ишемби күнү, 1-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий