• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж — Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү эң негизги маселелер менен көйгөйлөрдү атады. Ошондой эле аны чечүү жолдору талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов маалыматтар менен чыгып сүйлөштү.

Мындан тышкары, Жогорку Кенешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Омуркулов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кенештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү кырдаалга байланыштуу өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Коопсуздук Кеңешинин жыйынынын чечиминин долбоору негиз катары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий