• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү – фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата «Санариптик Кыргызстан» санарип трансформациясынын Концепциясынын презентациясын жасады.

Мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик бутактарынын башчылары – Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Джумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инновациялык технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгилешти.

Концепцияны талкуулоо учурунда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.

Жыйынды жыйынтыктап жатып, Жээнбеков өлкөдө санариптик трансформацияны алдыга жылдыруу боюнча сезилерлик натыйжалар керектигин белгиледи. Мунун ордуна санариптик трансформацияга байланыштуу долбоорлордун кечеңдеши дагы байкалып жатат. Тагыраак айтканда, Транспорт жана жол министрлигинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде, Улуттук энергохолдингде санариптештирүү боюнча ишти кечеңдетип жатышканы белгилен ди.

Мамлекет башчысы «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу үчүн биринчи вице-премьери Кубатбек Бороновду жооптуу кылып бекитүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловду орун басарына козголгон кылмыш иши боюнча тергөө маалында кызматынан четтетип турууну тапшырды.

Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий