• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж: Жээнбеков курама команданын оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент 0


Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда өлкөнүн футбол боюнча Улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Мамлекет башчысы курама команданын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына, дарыгерлерге жана Ата мекендик футболдун өнүгүшүнө салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирип, аларга жаңы бийиктиктерди багындырууну каалады.

КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кыргыз футболун колдоп, командага көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда футбол мамлекеттин колдоосуна муктаж экенин белгиледи.

Курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин футболдун бириктирүүчү күчүн, футболисттердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө зарылдыгын белгилеп, президенттин эл аралык деңгээлдеги жаңы стадионду куруу сунушун колдоду. Ал Мамлекет башчысына колдоосу жана футболду өнүктүрүү маселесинин тереңдигин түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бизге сиздердин колдооңуздар керек, ал эми биз мындан ары дагы өнүккүбүз келет, ага эркибиз жетет», — деп айтты Крестинин.

«Дордой» спорт клубдун президенти Аскар Салымбеков президент Сооронбай Жээнбековду оюнчуларга өзү телефон чалып колдогон команданын 12чи оюнчусу, ал эми кыргызстандык күйөрмандарды 13чү оюнчу деп атап, футбол — бул оюн эле эмес, андан да чоң нерсе экенин, аны өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле башка футболисттер дагы сөз сүйлөшүп, алдыдагы мелдештерде жаңы жеңиштерге жетишүүнү убада кылышты.

Жээнбеков жолугушууда Азия Кубогу өтүп жатканда төрөлгөн футболчу Турсунали Рустамовдун кызына атасы аркылуу белек берип жиберди.

Пикир

Оставить комментарий