• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фоторепортаж – Жээнбеков ЖОЖдордун жетекчилиги жана студенттери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, № 69 жана № 12-мектептерге барды.

Мамлекет башчысы № 69-мектептин класстык бөлүмдөрүн карап чыгып, окуучулар менен маектешти. Мектеп окуучулары Жээнбековго предметтик сабактардын кандай өтүлөөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулар улуттук аспаптарда ойноп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

№ 12-мектепте Бишкек шаар ынын мэри Азиз Суракматов борбордогу мектептердин абалы тууралуу маалымат берди.

Президент андан соң № 98-кесиптик лицейге барып, лицейдин иши менен таанышты, окуучулар жана окуу жайдын жамааты менен маектешти.

Жээнбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине барып, окуу жайдын абалы менен таанышты. Улуттук университетте мамлекет башчысы борбор шаардын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жалпы билим берүү тармагындагы абалга баа берип, келечекке милдеттери аныктады.

Пикир

Оставить комментарий