• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Фоторепортаж — Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары

Президент 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен 2019-жылдын 11-12-декабрында расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин расмий сапары курман болгон жоокерлердин Мемориалына (Абу-Даби шаары) гүлчамбар коюу менен башталды.

Жээнбеков Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба, жарандарды социалдык коргоо жаатында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Ошондой эле сапардын алкагында ал, БАЭнын вице-президенти, премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум, Абу-Даби жана Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр, БАЭнин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту.

Президенттин БАЭге расмий визитин ал өлкөдө жашап жаткан мекендештер менен жолугушуусу жыйынтыктады.

Жээнбеков Бишкекке бүгүн, 13-декабрда таң эрте кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий