• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Фоторепортаж — Жээнбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын биринчи күнү

Президент 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 19-августта Мамлекет башчысы Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарын Кочкор районунан баштады. Бул тууралуу презииденттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2,5 миң гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүчү ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

Жергиликтүү тургундар жалпы облустун өнүгүшүнө жакшы таасир этүүчү Кочкор районунун ирригация тутумдарынын кеңейтилишине ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле райондун ички жолдорун реконструкциялоонун жүрүшү, сүттү кайра иштетүүнү суткасына 10-20 тоннага чейин жеткирүүгө, 100-150 жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү жана Кочкор, Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк түзө турган сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча ири долбоор менен таанышты.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү эл жарандык ал-абалдын актыларын жазуу, паспорт берүү, архив, нотариат кызматтарын «бирдиктүү терезе» форматы аркылуу ала турган Калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Кошумча имараттын курулушун үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүү пландаштырылган.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы «Абердин-Ангус» породасындагы уйларды, россия жылкыларын жана гиссар породасындагы койлорду өстүрүү менен алектенген «Сал-Эм» асыл тукум заводуна барды. Аталган асыл тукум заводдун күлүктөрү ар кандай мелдештерде бир канча ирет байгелүү орундарды ээлеген.

Иш сапарынын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков көйгөйлөрүн айткан жергиликтүү тургундар менен да баарлашты. Тактап айтканда, Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары көтөрүлгөн суулардын кесепетинен авариялык абалга келип калган үйлөрү жана жол тилкесин жууп кетиши боюнча көйгөйлөрүнө жардам сурашты. Ошондой эле турак жай куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо, мектептерде айлык акыга кошумча төлөм үчүн райондук коэффициентти кайра белгилөө өтүнүчтөрү дагы айтылды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган маселелер эске алынганын, көйгөйлөр жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилерин белгиледи.

Эртең, 20-августта, Президент Сооронбай Жээнбеков Ат-Башы, Нарын райондоруна жана Нарын шаарына барат, анда коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жана ички жолдорду оңдоп-түзөөнүн жүрүшүн көрөт. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетикалык объектилер менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий