• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Франкфуртта жашаган Кыял: Карантиндин талабын бузгандарга 460 миң сомго чейин айыппул салынат

COVID - 19 0

Дүйнөдө COVID - 19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны бир миллиондон ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, учурда 1 миллион 203 миң 923 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Ал эми каза болгондордун саны 64 миң 795 адамга жетти. Илдеттен 247 миң 273 киши айыккан.

Ал эми коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлардын саны боюнча алдыда АКШ, Испания, Италия жана тизменин төртүнчү сабында Германия келе жатат. 5-апрелге карата Германияда вирус жуктуруп алган 96 миң 092 миң учур катталып, каза болгондордун саны 1 миң 444 кишиге жетти.

Мындан улам «Кабар» маалымат агенттиги Германиянын Франкфурт шаарында ымыркай балдар үчүн социалдык - психологиялык көмөк көрсөтүү кызматында эмгектенген мекендешибиз Кыял Раимова менен байланышып, ал жактагы кырдаал тууралуу маалымат алды.

Саламатсызбы, Германияда канча жылдан бери жашайсыз? Учурда ал жактагы эпидемиологиялык абал кандай болуп жатат?

― Германияда жашаганыма 8 жыл болду. Франкфурт шаарындагы окуу жайды аяктаган соң социалдык - психологиялык көмөк көрсөтүү кызматында иштеп калдым.

Учурда Франкфурт шаарында коронавирус жуктуруп алган 500гө жакын киши катталып, анын ичинен 5 адам көз жумган. Ал эми жалпы Германия боюнча 90 миңден ашык адам коронавирус илдети менен жабыркап, 1 миңден ашык адам көз жумду. Албетте, бул сан Италияга салыштырмалуу аздык кылат. Ошентсе да, акыркы статистика боюнча Германия өлкөсү дүйнө жүзү боюнча 4-орунга чыкты.

Коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Жарандар карантиндин эрежелерин сактап жатышабы?

― Үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан 19-апрелге чейин адам көп чогулган жайлар: ресторандар, кафелер, стадиондор, жогорку окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар жана ири соода борборлордун жабылышы боюнча атайын чечим кабыл алынган. Ошого байланыштуу, жарандардын басымдуу бөлүгү үйдөн иштеп жатат. Бирок коменданттык саат киргизилген эмес. Беткап кийиш керек деген мыйзам жок болгондуктан, шаардын 90 пайызы беткап тагынбай жүрөт. Өкмөт жарандарга таза абага чыгып, спорт менен машыгууга уруксат берген. Бирок топтолгон адамдардын саны экиден ашпай, аралыкты бири-биринен 1,5 метрге чейин сактоо талабы коюлган. Тилекке каршы жарандар коронавирус илдетине жеңил ойлуу мамиле жасап, карантиндин талабын аткарбай жатышат. Көчөгө топ-тобу менен чыгып, кичинекей балдары менен сейилдеп, ал эле эмес пикник уюштуруп жаткандарына күбө болосуз.

Карантиндин талабын бузгандарга карата кандай жаза көрүлүп жатат?

3-апрелден баштап үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү эмес экиден ашык адам болуп чогулуп пикник уюштурса, мыйзамга баш ийбей кафе иштетишсе 200 евродон 5000 еврого (болжол менен 18 миң сомдон 460 миң сомго) чейин айыппул салынат.

― Азык-түлүк маселеси кандай болуп жатат, баалар жогорулаган жокпу?

― Азык-түлүккө болгон баалар мурдагыдай эле. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери ун, макарон жана даарат кагаздын саны азайды. Жеке өзүмө келсем, үч жумадан бери ун ала албай жүрөм.

Сиз жашаган Франкфурт шаарында кыргыз жарандары барбы? Алардын арасынан вирус жуктуруп алгандар катталган жокпу?

― Ооба, кыргыздар бар. Бирок так санын билбейм. Кудай сактасын, менин билишимче коронавируска чалдыккандардын арасында биздин мекендештер жок.

Карантин маалында убактыңызды кандай өткөрүп жатасыз?

― Ар бир нерсенин артында жакшылык бар дегендей, карантинде элдердин колу жетпей, бүтпөй жүргөн иштерин бүтүргөнгө убакыт табылды. Тытынып иштеп жүргөн ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл бөлө баштады. Жашоодогу философиям боюнча мен ар бир болгон нерседен позитив издейм. Учурда карантинге байланыштуу үйдө отуруп, кагаз иштери менен алекмин. Ошондой эле онлайн-бизнесим да бар. Кызыктуу китептерди окуп, жаңы тил үйрөнүп, марафондорду өтүп, жолдошума түрлүү тамактарды жасап бош убактымдын кантип өткөнүн деле билбей калып жатам. Жолдошум мурдагыдай эле жумушуна барып-келип иштеп жатат

Кыргызстанда учурда эмне болуп жатканынан кабардар болсоңуз керек, мекендештерге эмне кеп-кеңеш берет элеңиз.

― Бул жакта коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң кишиге жетип калганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар жок эле. Ушул бойдон калса экен деп абдан сүйүнүп жатканбыз. Кыргыз элиме айтарым, Европа өлкөлөрүндөй оорулуулардын саны өсүп, жоготууларга учурабаш үчүн үйдө отуруп, өзүңөргө сак болгула. Өнүккөн мамлекеттердин катарына кирген Германиянын ооруканаларында дагы орун жетишпей калып жатат. Кудай буюрса, бул вирустун дагы мезгили өтөт. Андан көрө ушул берилген убакытты кино, сериалдарды көрүү менен гана өткөрбөстөн, пайдалуу өткөргөнгө аракет кылалы. Мүмкүнчүлүк болсо карыларга, муктаждарга жардам берели. Оору-сыркоолордон алыс бололу!

Маегиңизге чоң, рахмат, аман болуңуз!

Пикир

Оставить комментарий