• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Франция ГЭС куруу үчүн Өзбекстанга 56 миллион евро насыя берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.20 /Кабар/. Өзбекстан Энергетика министрлиги билдиргендей, 5-августта Француз өнүгүү агенттиги менен 55,8 миллион евролук насыя келишимине кол коюлду.

Насыя 20 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинен 46,5 млн евро Анжиян облусундагы Пайтак кичи ГЭСин жана Түштүк Фергана каналындагы 1А менен 2А ГЭСин курууга жумшалат.

Расмий маалыматка караганда, алардын жалпы наркы 52,5 млн еврону түзөт. Болжол менен алар 2023-жылы ишке берилет.

Инвестициялык долбоорлордун алкагында 11,1 млн еврого курулуш-монтаждоо иштери жүрөт. Мындан тышкары 26,9 млн еврого технологиялык жабдуулар сатылып алынат.

Кредиттик каражаттардын калган 9,3 миллиону Чарвак ГЭСинин коопсуздук иштерин жогорулатуу долбооруна жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий