• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Франция командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп, футбол боюнча дүйнө чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 16.07.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Франция менен Хорватиянын курама командалары беттешти. Оюн 15-июлда «Лужники» стадионунда өтүп, Франция командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Оюндун 18-мүнөтүндө көтөрүлгөн топту Манджукич сүзүп өзүнүн дарбазасына киргизип алды. 28-мүнөтүндө хорватиялык Виданын чыгарган тобун Перишич оюндун эсебин теңегенге жетишти. 10 мүнөттөн кийин айып соккусу белгиленди. Франциянын чабуулчусу Гризманн айып соккусун тээп гол киргизди.

2-таймдын 59-мүнөтүндө Гризмандын чыгарган тобун Погба гол жаратканга жетишти. 65-мүнөтүндө 19-жаштагы Мбаппе 23 метр аралыктан тээп эсепти 4:1ге айлантты. 69-мүнөтүндө Манджукич Франциянын дарбазачысынын катасын колдонуп гол киргизди.

Эскерте кетсек, футбол чемпионаты Россиянын11 шаарындагы 12 стадионунда өттү.Оюнга 32 команда катышып, 14-июндан 15-июлга чейин уланды.

Пикир

Оставить комментарий