• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Франция Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетет

Коом 0

Бишкек, 2-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Франция Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетет. Бул үчүн республика биометрикалык чет элдик паспортторду берүүнү тездетүүсү керек. Бул тууралуу “ЭКСПО-2017” Астанада Кыргызстандын павильонуна барганда “Франция – Борбор Азия” парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, француз сенатору Ив Поццо ди Борго билдиргенин КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Биз Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүүнү талкуулоого даярбыз. Бирок, бул үчүн өлкө жетекчилиги биометрикалык чет элдик паспортторду берүүнү тездетүүсү керек. Бул маселени чечүү Кыргызстанга Евросоюздун ишенимин арттырып, өлкөнүн коопсуздугун камсыздайт”,-деди француз сенатору.

Ошондой эле, Ив Поццо ди Борго Кыргызстан туристтик жагымдуу өлкө экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Франция сенаторлорунун делегациясы “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонуна кечээ жакында келип кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий