• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Франция Погбанын жардамы менен Австралияны жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 16.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын С группасындагы Франция менен Австралиянын курама командасынын беттеши 2:1эсебинде жыйынтыкталды.

Оюндун 58-мүнөтүндө Антуан Гризманн 11 метрлик айып аянтчасынан тээп гол киргизди. 62-мүнөтүндө франциялык оюнчунун колуна топ тийгендиги үчүн кайрадан 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Австралиянын жарым коргоочусу Единак 11 метрден тепкен тобу эсепти 1:1 ге айлантты.

80-мүнөтүндө Франциянын жарым коргоочусу Погбанын тепкен тобу Австралиянын дарбазасынан орун алды.

Пикир

Оставить комментарий