• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Францияда бейтааныш адамдар мечиттин жанындагы адамдарга ок чыгарды

Дүйнө 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Бейтааныш адамдар Франциянын Авиньон коммунасындагы мечиттин жанында жай тургундарга ок чыгарышкан деп билдирди “La Provence” полицияга шилтеме берүү менен.

Белгилүү болгондой, эки куралчан адам унаа менен келип, мечиттен чыгып бараткандарга ок чыгарып баштаган.

Натыйжада 8 адамдын жабыркаганы, алардын арасында жети жаштагы баланын бар экени айтылууда. Ок чыгаргандар качып кеткенге үлгүрүшкөн.

Полиция кызматкерлери бул окуяны теракт катары карабай турганын, жаштардын арасында кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн деген божомолдорду айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий