• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Францияда күн кескин ысып, төрт миң мектеп жабылды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Францияда аба ырайы кескин ысып, төрт миң мектеп жабылды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Эдуард Филипп кабарлады.

“Биз шаар мерлерине жана мектеп директорлоруна мектептерди жабуу боюнча чараларды көрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү бердик. Азыр, менимче, 4 миң мектеп жабылып же болбосо анын ыңгайлуу жолун карашууда”, - деди ал.

Эдуард Филипп аба ырайынын кескин ысып кеткендигин белгиледи. “Мындай аптап биринчи жолу жайдын башында болууда. Төрт департаментте метеокоркунучтун бийик деңгээлин белгилешти”, - деди ал.

Өкмөт башчысы жарандарды ден соолугуна көңүл буруп, мындай ысыкта кыйналбоо үчүн адистердин сунуштарын аткарууга чакырды.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий