• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Францияда коронавирустан улам коменданттык саат киргизилди

Дүйнө 0

Бишкек, 15.10.20. /Кабар/. Франция коронавирустун экинчи толкуну менен күрөшүү үчүн коменданттык саат киргизди.

Өлкө президенти Эммануэль Макрон жашоочулар кечки саат тогуздан тартып эртең мененки саат алтыга чейин көчөгө чыкпашы керек экенин эскертти. Коменданттык саат Париж менен катар дагы 8 шаарга - Марсель, Лион, Лилль, Сент-Этьен, Руан, Тулуза, Гренобль жана Монпельеге киргизилди.

Коменданттык саат ишемби күндөн тартып күчүнө кирет жана төрт жумага созулары күтүлүүдө. Ошол эле маалда саламаттык сактоо тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мектептер ачык бойдон калат. Күндүз аймактарга каттоого болот.

Шаршембиде Францияда 23 миң кишиден коронавирус инфекциясы аныкталды.

Илдет күчөп жаткандыктан Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө чектөөлөр киргизилүүдө. Маселен, Нидерландыда кафе, бар, ресторандар жабылды.

Испаниянын түндүк чыгышында да кафе, ресторандар эки жумага жабылды.

Чехияда шаршембиден тарта окуучулар аралыктан билим ала башташты. Бар, ресторандар жабылды. Чехияда сентябрдын башынан бери коронавирус инфекциясы өтө тездик менен тарап жатат.

Франциядан тышкары Италия, Швейцария жана Россияда да вирус жуктурган учурлар көбөйүүдө.

Пикир

Оставить комментарий