• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Франциядагы казактар Монголиядагы мекендештерине жардам беришти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.01.18 /Кабар/. Монголиянын Баян-Улгийск округундагы сууктан улам оор абалда калган казактарга Франциядагы мекендештери көмүр жана кийим-кече сатып беришти. Жардам алган этникалык казактар социалдык түйүндөр аркылуу ыраазычылык билдиришүүдө.

Монголиянын Баян-Улгийск округунда 100 миңге жакын этникалык казак үй-бүлөлөрү жашайт.

– 40 тоннага жакын көмүр алдык. Андан тышкары отун, кийим-кече жана мектеп окуучулары үчүн кеңсе товарларын сатып алдык. Көмүрү жок отурган үй-бүлөлөргө машина менен жеткирилди. Көмүр албагандар отун, кийим алышты. Мында жакыр үй-бүлөлөр көп, – деди Баян-Улгийск округунун тургуну Дакей Быкиулы.

Анын айтымында, быйыл аймакта кыш абдан суук болуп, көмүр сатып алууга акча жок үй-бүлөлөр оор абалда калышкан. Ал Франциядагы казактар менен тыгыз байланышта экендиктерин жана акыркы эки жылдан бери Курман айтты бирге майрамдап келишерин айтты.

Франциядагы казак коомчулугунун маалыматы боюнча, ал өлкөдө 250гө жакын казак үй-бүлөсү жашайт. Алардын 175и казак коомчулугуна мүчө. Азырынча Парижден алыс жашаган этникалык казактар коомго каттоого турушкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий