• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Францияны катуу бороон каптап, 41 миң түтүн жарыксыз калды

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Францияда “Габриэль” аттуу кар бороону 41 миң түтүндү жарыксыз калтырган, деп билдирет электр энергия менен камсыз кылуучу франциялык Enedis компаниясы.

“Биздин адистер жер-жерлерге тартылып, кечке чейин электр энергия толугу менен калыбына келээри күтүлүүдө”, - деп айтылат компаниянын Twitter тармагындагы билдирүүсүндө.

Бороон 29нан 30-январга караган түнү болуп, ал катуу шамал менен коштолгон. Шамалдын ылдамдыгы кээ бир аймактарда саатына 110 чакырымга жеткен.

Айрым жерлерде кар 10 см калыңдыкта жааган.

Пикир

Оставить комментарий