• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Франциянын экология министри кымбат банкеттерди уюштургандыгы үчүн кызматтан кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Mediapart басылмасы тарабынан салык төлөөчүлөрдүн акчасын кыянат пайдаланууга айыпталып жаткан Франциянын экология министри Франсуа Де Рюжи кызматтан кетти. Ал меймандар үчүн деңиз жандыктары жана жогорку сапаттагы француз шараптары коюлган кымбат банкеттерди уюштурганы айтылууда.

Mediapart басылмасы жарыялаган ашыкча акча сарптоолор Де Рюжи Франциянын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп турган маалга туура келет. Банкеттердин көпчүлүгү Парижде өтүп, аларды саясатчынын жубайы, Gala гламур-журналынын журналисти уюштурган.

ЖМКлардын маалыматы боюнча ал банкеттерде куюлган айрым шараптардын бир шишесинин баасы 500 еврого жеткен. Мындан тышкары анда меймандарды деңиз жандыктарынын (омар) түрлөрү менен сыйлашкан. Бул экологиялык активисттердин кыжырын өзгөчө келтирүүдө. Алар Экология министрлигинин башчысы кызматын сейрек кездешүүчү мындай деңиз жандыктарын сунуштаган адам ээлебеши керектигин билдирип чыгышкан.

Де Рюжи өзү ал банкеттерди «жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуу» деп атап, аларды уюштуруу укугун коргоп келген. Кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган саясатчы «медианын сотсуз жазалоосуна» кабылганын билдирди.

Кийинчерээк Франсуа де Рюжи өзүнүн кызматтык батирин оңдоо үчүн бюджеттен 63 миң евро короткону белгилүү болгон. Мындан тышкары саясатчы өлкөнүн батышындагы Нант шаарынан мамлекетке таандык турак-жайды жеңилдетилген шарттар менен ижарага алганы айтылган.

Франсуа де Рюжи бул маалыматтарды жарыялаган басылмага каршы доо арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирди. «Өткөн жумадан бери Mediapart басылмасы уурдалган сүрөттөрдү, ушактарды жана менин ишмердүүлүгүмө байланышы жок апыртылган фактыларды колдонуу менен мага чабуул жасап жатат», – деди ал.

Өз кезегинде Mediapart жарыяланган маалыматтар коомдук мааниге ээ экенин жана саясатчылардын ишмердүүлүгү, кирешелери, кызыкчылыктар кагылышы коом тарабынан көзөмөлдөнүшү керектигин билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий