• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Франциянын маданият министри коронавирус жуктуруп алгандыгы кабарланды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавирустун жаңы COVID-19 түрүн жуктуруп алгандыгы айтылууда. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги министрдин канцеляриясына шилтеме берип жазып чыккан, деп маалымдайт РИА Новости.

“Министрдин анализдери бүгүн даяр болуп, анда коронавирус бар экендиги аныкталган. Учурда министр Париждеги үйүндө жана өзүн жакшы сезип жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Агенттик билдиргендей, Ристер өткөн жумада Улуттук чогулушта бир канча күн болгон. Аталган жыйынга катышкан депутаттардын бешөөндө коронавирус илдети аныкталгандыгы кабарланды.

Франциянын саламаттык сактоо башкы дирекциясынын жетекчиси Жером Саломон билдиргендей, Францияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1412 адамга жетип, 25 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий