• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Франциянын Премьер-министри Абылгазиевди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Франция Республикасынын Премьер-министри Эдуард Филипп Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу жылуу куттуктоо менен катар ишиңизге ийгиликтерди каалап кетем.

Мен демократиялык процесс алкагындагы сиздин дайындалышыңыз Кыргызстандын өнүгүүсүнө түрткү берет деген ишеним билдиргим келет. Бул мезгил Европалык биримдик жана сиздердин өлкө ортосундагы жалпы баалуулуктарды ырастаган кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу жаңы келишимдер менен толукталат, алар боюнча сүйлөшүүлөр ыкчам жүргүзүлүүдө. Борбор Азияда кеңири жайылган француздук ишканалар Кыргызстанга кызыгуу артууда жана сиздин жетекчилигиңиз аркылуу ишке ашырылчу өнүктүрүү программаларына катышууга даяр. Биздин өкмөт сиздер менен биргеликте тынчтык жана жамааттык коопсуздук маселелери боюнча иш алып барууга даяр.

Мен биздин өлкөлөр аралык калыптанып калган мыкты мамилелердин чыңдалышын кубануу менен белгилеп кетким келет», – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий