• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Франциянын тургундарын таң калтырган кыргызстандык жаш таланттар

Маданият 0

Бишкек, 19.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Францияда өткөн "Дүйнө балдары Францияда" аталышындагы эл аралык балдар фестивалында жаш артисттер Кыргызстанды таанытып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

CIOFF уюумунун чакыруусу менен №4 Балдар искусство мектеби, "Адис" вокал-хореографиялык ансамбли жана "Нур" фольклордук ансамблинин тарбиялануучулары Францияда өткөн фестивалга катышкан.

"Алар 15тен ашык бий түрүн жана улуттук аспаптар менен Кара-Жорго, Көчмөндөр, Шериктеш, Ала-Арча, Маш ботой, Эргимени көрсөтүштү. Ошондой эле, кыргыз улуттук кийимдери Франция элинин көңүлүн өзүнө тартты", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын негизги шарты фольклордук ансамблинин коштоосунда улуттук бий өнөрүн тартуулоо.

"Көрсөтүү салтка айланган аластоо менен башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын улуттук тамак-ашы да көрсөтүлдү. Таанытуу программасы "Көчмөндөр" музыкалык чыгармасы менен аяктады", - деп кошумчаланат маалыматта.

Жаш артистердин турнеси Франциянын Париж шаарында аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий