• 84.8
  • 96.92
  • 1.12

Француз, немис жана кыргыз музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн Бишкекте акысыз концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Германиянын жана Франциянын Кыргызстандагы элчиликтери К.Молдобасанов атындагы улуттук консерватория менен биргеликте майрамдык достук концертин өткөрөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Концертте француз, немис жана кыргыз композиторлорунун музыкалары жаңырат.

Иш-чара 10-февраль күнү саат 18:00дө К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда (дареги: Жантөшөв көчөсү 115) болуп өтөт.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий