• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Француздар асырап алган бала Оштогу бир тууган агасын тапты

Коом 0


Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. 28-декабрда НТВ телеканалында “Жди меня” көрсөтүүсүндө француздар асырап алган бала Кыргызстандык туугандары менен жолукту.

Кирилл Николя Моршту Франциялык үй-бүлө эки жашында багып алган. Ал көп жылдардан бери өзүнүн ата-энеси тууралуу билүүнү эңсеп келген. Жаңы жыл алдында ал “Жди меня” берүүсүнүн редакциясына кат жазган. Ал жерде иштегендер Кириллдин туугандарын, Ошто турган 16 жаштагы Акылбек аттуу бир тууганын да табышкан. Эки бир тууган бири-бирин көргөндө көз жашын тыя алышкан жок. Алар экөө сөзсүз жолугабыз деп убадалашты.

Баланын өз апасы Толкунай Москвада иштеп жүрүп, Кирилл ошол жактан жарык дүйнөгө келген. Тилекке каршы төрөттөн кийин оорудан улам анын апасы көз жумган.

Бул окуя эч кимди кайдыгер калтырбай, социалдык тармактарда баланы асырап алган француз үй-бүлөсүнө алкыштар айтылап жатат. Ал эми көп адам Кирилл бакма апасы менен чоң энесине окшош экенин баамдашкан.

Пикир

Оставить комментарий