• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фред Хьюстон: «Кыргызстан сот тутумун реформалоодо кардиналдуу өзгөрүүлөргө жетишти»

Коом 0

Бишкек, 17-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан сот тутумун реформалоо алкагында кардиналдуу өзгөрүүлөргө жетишти. Бул тууралуу “Сот тутумунун ишмердигинин ачыктыгына жетишүү – соттук актылардын жеткиликтүүлүгү механизмдерин кеңейтүү” тегерек үстөлүндө Эл аралык укукту өнүктүрүү уюмунун директору Фред Хьюстон билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан сот реформасы акырындап жүрүп жатат. КР Президентинин жарлыктары ишке ашырылууда. Кыргызстандын парламенти сот тутумун ишке ашырууга багытталган мыйзамдарды жигердүү талкуулап жана кабыл алып жатат. “Бул ишке Жогорку соттун, Соттор кеңешинин, Сот департаментинин, Сот адилеттиги жогорку мектебинин жана Президенттин сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн кошулушун кубануу менен белгилейбиз. Тактап айтканда, биздин программанын өнөктөштөрү буга кошулгандыгына ыраазычылык билдиребиз”, -деди ал.

Анын айтымында, сот тутумун реформалоо программасына туура каржылоо, сот тутумунун ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатуу жана сотторду милдеттүү түрдө окутуу менен сот тутумундагы адам ресурстарынын потенциалын өстүрүү аркылуу соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо кирет.

“Мен кыска мөөнөттө көрүнүктүү натыйжаларга жетишкендигибизди канааттануу менен айта алам. ЖМКда көбүнесе сот тутумун реформалоо боюнча эч нерсе жасалган жок деп жазышат, бирок андай эмес. Сот реформасында жетишилген бир нече кардиналдуу жетишкендиктерди белгилей кетким келет. Биринчиси – 2014-2018-жж. сот тутумун өнүктүрүү мамлекеттик программасын кабыл алуу. Экинчиси – сот актыларынын жеткиликтүүлүгү механизмин кеңейтүү жолу менен сот тутумунун ишмердигинин ачык-айкындыгына жетишүү”, - деди Ф.Хьюстон.

Пикир

Оставить комментарий