• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фредди Меркьюринин образын жараткан Рами Малек "Оскар" сыйлыгына ээ болду

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анжелесте америкалык киноакадемиянын «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара 30 жылдан бери алгачкы жолу алып баруучуларсыз өттү.

Эркектин мыкты ролу сыйлыгына «Богем рапсодиясы» тасмасында Фредди Меркьюринин ролун жараткан Рами Малек ээ болду. Аялдын мыкты ролу номинациясында «Оскар» сыйлыгы «Фаворитка» тасмасындагы ролу үчүн Оливия Колманга ыйгарылды.

Режиссер Питер Фореллинин АКШдагы расалык бөлүнүү мезгилине арналган «Жашыл китеп» (Green Book) эмгеги «Жылдын эң мыкты тасмасы» деп табылды.

«Эң мыкты режиссер» номинациясын «Рома» тасмасы үчүн мексикалык режиссер Альфонсо Куарон алды. Мындан тышкары анын бул эмгеги чет тилиндеги мыкты тасма деп табылып, оператордун мыкты иши үчүн америкалык киноакадемиянын статуэткасын алды. Буга чейин «Рома» тасмасы Венеция кинофестивалында «Алтын арстан» сыйлыгын утуп алган.

Эң мыкты өзгөчө сценарий сыйлыгына «Жашыл китеп», эң мыкты адаптацияланган сценарий сыйлыгына «Кара клан кишиси» тасмалары татыды.

Пикир

Оставить комментарий