• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Freedom House акция учурунда кармалган казак активисттерин бошотууга чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Freedom House эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин 21-апрелдеги марафон маалында акция өткөргөн активисттер Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбековду тез арада бошотууга чакырды.

Активисттер марафон учурунда «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деген жазууларды кармап тургандыгы үчүн кармалып, «митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузуу» айыбы менен 15 суткага камалган.

«Адилеттүү шайлоого чакырган баннерлер үчүн гана камакка алуу — Казакстанда таза президенттик шайлоо өтөрүнөн шек санатууда. Freedom House казак бийлигин камалган активисттерди тез арада бошотууга жана жарандарга саясий пикирин коркпостон эркин айтууга мүмкүндүк берүүгө чакырат», — деп жазылган уюмдун сайтында.

Ал ортодо Казакстандын Европа өлкөлөрүндөгү элчиликтеринин алдында казак студенттери камакка алынган эки активистти колдогон акцияларды өткөрүп жатышат. 24-апрелде мындай акциялар Прага жана Париж шаарларында өттү.

Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбековду абийир туткуну деп тапты.

Freedom House уюмунун февралда жарыяланган «Дүйнөдөгү эркиндик — 2019» баяндамасында Казакстан мурдагы жылдардагыдай эле «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кирген.

Пикир

Оставить комментарий