• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Freedom House баа берүүлөрү айрым өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыктарынан көз каранды - саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 4-май /Мирлан Киизбаев – Кабар/. “Freedom House кандай болсо да сындай бере тургандыгын жана бул сынга түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин түшүнүү керек. Алардын саясаты ушундай жана биз алардын көңүл чордонундабыз. Ал эми чындыгында диктатордук режимдеги өлкөлөр тууралуу алар жөн гана эстен чыгарып коюшкан жана мезгил-мезгили менен биздин аброюбузга шек келтирүүгө аракет кылышууда”, - деп түшүндүрөт Фридом Хаустун Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу баасын юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев.

Ал бул уюмдун баа берүүлөрү айрым өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыктарынан көз каранды экендигин белгиледи.

“Балким, башка бир уюмдарга кайрылуу маанилүү чыгаар. Алар чындыктын жеткен чеги эмес да. Башаламандыктын болушун каалаган күчтөр бар. Бул боло турган иш, бир айдан кийин алар дагы бир нерсе таап чыгышат. Кыргызстандан башка өлкө калбай калыптырбы? Тилекке каршы, мурда абройлуу болгон уюм геосаясий оюндарга аралашып, биздин өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдө. Фактыларды бурмалап, демократиялык процесстерди өздөрү каалагандай чечмелеп жатышат”, - деп түшүндүрдү К.Осмоналиев.

“Менимче, ТИМ бул сыяктуу баа берүүлөргө жооп кайтаруусу керек. Ар-намысын жана кадырын коргоо боюнча доо арыздарын берүү кадыресе процесс. Сот фактыларды аныктайт. Ар бирибиздин намыс жана кадырыбызды коргоо үчүн сотко берүүгө укугубуз бар. Президент гана эмес, ар бир жаран бере алат”, - деп кошумчалады саясат таануучу.

Ал сөз эркиндиги жана демократия – бул бардыгына жол берүү эмес, тартип жана жоопкерчилик экендигин баса белгиледи.

“Айрым укук коргоочулар президент тууралуу айтууда чындыгында чектен аша чаап кетишет. Чындап диктатордук режим орногон жердеги мындай жагдайды элестетип көрүңүз. Президент сотко берген жана башка шарттар. Ал жактарда мындай адамдарды абактан табууга болот же такыр эле таппай калышат. Мен адамдардын соттошуусу кадыресе процесс деп ойлойм”, - деп жыйынтыктады саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий