• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фридом Хаустун бүтүмү абалга талдоо жүргүзбөстөн, БӨУлардын билдирүүлөрүнүн негизинде чыгарылган – Бекешов

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Фридом Хаустун Кыргызстан авторитаризмге бара жатат деген бүтүмүнө шеги бар экенин билдирди. “Кыргызстанда авторитаризм жок жана болушу мүмкүн эмес”,-деп белгиледи Д.Бекешов.

“Албетте алгач ЖМКлардын Кыргызстанда сөз эркиндигине жана жарандык коомго кысым көрсөтүлүүдө, тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салынууда деп жазып жаткандарын окуп алып ушундай ойго келишиң мүмкүн. Бирок, ачык айтыш керек эч кимге жазууга тыюу салынган жок. Ким эмнени кааласа жаза берсин... Маселе жазганы үчүн жооп бериши керектигинде болуп жатат. Мен бул нормалдуу эле практика деп ойлойм”,-деди Д.Бекешов.

Депутат тынч митингдерге карата тыюу салуу жок, бирок эгер митингчилер жолду тосуп, милицияга карата күч колдоно баштаса, анда митинг тынч болбой калат деп белгиледи.

“Мен алардын биздин мамлекет авторитаризмге бара жатат деген корутундусуна макул эмесмин. Менин оюмча, Фридом Хаус анализ жүргүзбөстөн, айрым ЖМКлардын аталышынан улам ушундай бүтүм чыгарса керек. Бизде авторитаризм болушу мүмкүн эмес, анткени бизде парламентте 5 партия бар. Эгер авторитаризм мүмкүн болгондо, анда ачык айтканда көптөгөн маселелер парламент менен макулдашылмак эмес деп ойлойм”,-деди депутат.

Д.Бекешовдун Фридом Хаустун бүтүмүнөн шеги бар, анткени ал абалга анализ жүргүзбөстөн, бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрүнөн улам чыгарылган.

“Эгер бул рейтинг реалдуу анализ жүргүзүп, анан ушундай корутунду чыгарса жакшы болмок, мына ошондо корутунду кайдан чыгарылганы көрүнмөк. Бүгүнкү күндө ал эмненин негизинде чыгарылган бүтүм экенин айтуу кыйын. Мындайды каалаган эле бейөкмөт уюмдар жазышы мүмкүн. Бирок, реалдуу анализ жүргүзүлгөн жок да. Эгер алар реалдуу анализ жүргүзүшкөндө, бул тема талкуулоого жатмак”,-деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Пикир

Оставить комментарий