• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фронттон келген кат менен сүрөттөр – Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу онлайн-көргөзмө

Жеңишке 75 0

Бишкек, 02.05.20./Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына арналган виртуалдык сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Сүрөт көргөзмөсү өлкөнүн мамлекеттик архивдеринде сакталган документтердин негизинде даярдалган. Аны менен бул шилтеме (pobeda.archive.kg) аркылуу таанышууга болот.

"Жарандар сайттан 1941-1945-жылдардын документтерин көрө алышат. Алардын ичинде Кыргыз ССРинин ачыкка чыгарылган телеграммалары жана токтомдору, "Фронттон кат" виртуалдык көргөзмөсү, фронтко жардам жөнөткөн кыргызстандыктардын сүрөттөрү бар", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Андан тышкары порталда 1945-жылы Фрунзе шаарынын көчөлөрүндө Жеңиш күнүн майрамдоодо түшүрүлгөн, согушка катышкан кыргызстандыктардын сүрөттөрү бар.

"Көргөзмөдө согуш ардагерлеринин фронттогу кармаштар тууралуу эскерүүлөрүнүн аудиожазуусунун үзүндүлөрү бар. Ал виртуалдык көргөзмө www.pobeda.srs.kg порталында – Улуу Ата Мекендик согуштун электрондук архивинде жайгаштырылган. Порталда архивдик маалымат, китеп, Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргызстандыктар тууралуу 140 миңден ашык маалымат чогултулган. Ошондой эле анда согуш жылдарында курман болгон же дарексиз жоголгон жоокерлер, согуштун катышуучулары тууралуу маалыматтар бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий