• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фрунзе көмөк чордону КРдагы кубаттуу энергетикалык объектилердин бири

Коом 0

Бишкек, 08.09.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. 39 жылдан бери алгачкы жолу “Фрунзе” көмөк чордону толук жаңыланды.

“Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү” ААКсынын маалыматы боюнча жаңылоо долбоору боюнча 2017-жылы көмөк чордонго 3 комплект 500 кВ өчүргүч жабдуулар орнотулуп, үчөө орнотуу стадиясында. Ошондой эле дагы 220 кВ кубаттуулуктагы 27 комплект өчүргүч ишке киргизилди.

АӨБ каржылаган кайра куруу программасынын алкагында 9 трансформатор орнотулган.

Бул жаңылоо туруктуу ишти камсыздап, каржылык жана эмгектик чыгымдарды азайтууну камсыздайт.

Маалымдама: Фрунзе көмөк чордону 1978-жылы декабрда ишке киргизилип, 39 жылда жабдуулары абдан эскирген. Көмөк чордон Чалдовар айылында жайгашкан. Ал Чүй өрөөнүн жана Бишкекти электр жарыгы менен камсыздайт. Ал учурда Кыргызстандагы кубаттуу 4 көмөк чордондун бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий