• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Фрунзе» жана «Глобус» түйүндөрүндө 70 сомдук кумшекер жана 130 сомдук май сатыла баштайт

Коом 0

Бишкек, 16.03.22 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Глобус» гипермаркеттер тармагынын башкы директору Равиль Рахматулин жана "Фрунзе" гипермаркеттер тармагынын коммерциялык департаментинин директору Александр Костин менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн социалдык маанидеги товарларды жарандарга сатуу маселеси талкууланды. Ошондой эле азык-түлүктөрдүн наркынын жалпы абалына да токтолушту.

Белгиленгендей, фонддун каражатынан Бишкекке 200 тонна кумшекер жана 80 тонна май бөлүнгөн.

Гипермаркет түйүндөрүнүн жетекчилери муниципалитетти колдоого жана алардын дүкөндөрүнөн жана кызматкерлеринен шаардыктарга май жана кумшекер сатуу үчүн орун бөлүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри райондордун акимдерин гипермаркет түйүндөрүнүн жетекчилери менен биргеликте жерлерди аныктап, азык-түлүктөрдү сатууну уюштурууну тапшырды.

Мэриядан белгилешкендей, товар сатыла турган дүкөндөрдүн даректери жана баасы кийинчерээк маалымдалат.

Эскерте кетсек, кечээ өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн соода түйүндөрүнө 70 сомдук кумшекер жана 130 сомдук өсүмдүк майы жеткирилип жаткандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий