• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Фучик атындагы сейил бак Бишкек мэриясына кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Шаардык соттун чечими менен Ю.Фучик атындагы сейил багы толугу менен шаар тургундарына кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 1992-жылы шаардык мамлекеттик администрациянын токтому менен Ю.Фучик атындагы сейил бакта жайгашкан 7,41 га аянттагы жер тилкеси шаардык парктар жана эс алуу жайлары бирикмесине бекитилип, колдонуу укугу үчүн акт берилген.

1995-жылы КРнын Өкмөтүнүн токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилген.

Бирок, тилекке каршы, парктагы 13 миң 337 чарчы метр жер - курулуп бүтпөй калган кинотеатрдын аймагы жеке менчикке өткөрүлгөн факты аныкталган.

"Мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгы Ленин райондук сотуна заводду жоюучу М.П. жана шаар тургуну С.Э. арасындагы сатып алуу-сатуу келишимин жокко чыгаруу боюнча доо арызы менен кайрылган. Сот биздин арызды толугу менен канааттандырды", - деп билдиришти мэриядан.

Кийинчерээк, 1999-жылы шаар тургуну С.Э. жер тилкесин А.А. тургунуна саткан, ал соттун кароосуна чейин эле жер тилкесин 9 бөлүккө бөлүп, сатып жиберген. Муниципалдык мүлк башкармалыгы сотко бул келишимдерди жараксыз деп таап, паркты муниципалдык менчикке кайтарып берүү доо арызын калтырган.

Бул доо арыз райондук сот тарабынан канааттандырылды, бирок айпыталуучулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришкен.

"Бактыга жараша, шаардык сот биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды. Эми соттун аныктамасын алгандан кийин, жер тилкелерди Бишкек шаарынын мэриясына каттоо иштери башталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий