• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Футбол аянтчасында каза болгон 11 жаштагы баланын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Футбол аянтчасында каза болгон баланын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чогултулган бардык материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон. Футбол аянтчасы чайхананын аймагында жайгашкан, азырынча чайхананын кызматкерлери жоопко тартыла тургандыгын белгисиз.

Эске сала кетсек, Бишкекте футбол ойноп жатып 11 жаштагы мектеп окуучусу каза болгон. Анын үстүнө темир футбол дарбазасы кулап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий