• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Япония беттешет

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-ноябрда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлөт.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Япониянын курамалары ортосундагы футболдук беттешти көрүүнү каалагандарга Бишкектеги эски аянтта атайын күйөрмандар зонасы уюштурулат. Фан-зона саат 15:15те ачылат.

Пикир

Оставить комментарий