• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен оюн өткөрөт.

Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.

Беттештин билеттери Фрунзе гипермаркетинде 3-октябрдан тарта сатыкка чыккан. Анын баасы орундарга жараша 250-500 сомду түзөт.

Кыргызстандын курамасы F тайпасына туш болгон. Ал тайпада Тажикстан, Монголия, Мьянма, Япониянын курама командалары бар.

Эскерте кетсек, мурунку оюнда Кыргызстандын курамасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилип калган. Оюн Тажикстандын борбор калаасы Душанбедеги борбордук стадиондо өткөн.

Пикир

Оставить комментарий