• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан беттешет

Спорт 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Тажикстандын командасы менен беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлөт.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, улуттук курама буга чейин Тажикстанга 1:0, Японияга 2:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий