• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

"Футбол баары үчүн": Фестиваль Чолпон-Ата шаарында 160 баланын катышуусунда өттү

Спорт 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында "Футбол баары үчүн" аталышындагы фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Фестиваль 27-ноябрда болуп, ага шаардык билим берүү мекемелеринен жана футболдук ийримдеринен 6-12 жаштагы 160 бала катышты.

"Стадиондун 6 футболдук аймагында машыктыруучулардын көзөмөлүндө балдар өздөрүн футболчу катары сезип, бир катар футболдук ыкмаларды үйрөнүштү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин "Футбол баары үчүн" аталышындагы фестиваль Жалал-Абад облусунун "Курманбек" стадионунда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий