• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол боюнча чемпионатта Жээнбеков эки өлкөнүн командаларына күйөрмандык кылат

Президент 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Дүйнө чемпионатында эки өлкөнүн командаларына күйөрмандык кылат. Алар Россия жана Германиянын курама командалары, - деп кабарлашты КР президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн.

Бүгүн, 14-июнда Россияда ДЧ-2018 расмий ачылыш аземи болот. Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышат. Белгилей кетсек, С.Жээнбеков бүгүн РФнын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти.

Андан тышкары эки өлкө лидеринин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий