• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо оюндары күзүндө улантылат

Спорт 0

Бишек, 06.06.20. /Кабар. Футбол боюнча дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо оюндары күзүндө улантылат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Кыргызстандын футбол бирикмеси билдиришкендей, алдын ала белгиленгендей 13-октябрь күнү Кыргызстандын курамасы Мьянма менен ойнойт. Андан кийин ноябрь айында Монголия жана Япония менен беттеш өткөрөт.

8-тур

Мьянма - Кыргызстан – 13 октябрь (конокто);

9-тур

Кыргызстан - Монголия – 12 ноябрь (үйдө);

10-тур

Япония - Кыргызстан – 17 ноябрь (конокто).

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан F тайпасына жайгашкан. Ал тайпада Кыргызстан менен бирге Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын курамалары бар.

Кыргызстандын футболчулары буга чейинки оюндарда эки ирет жеңилип (Тажикстанга − 0:1 жана Японияга − 0:2) бир жолу тең чыккан (Тажикстан менен 1:1) жана эки ирет жеңишке жеткен (Мьянма − 7:0 жана Монголия − 2:1).

Пикир

Оставить комментарий