• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо туру: Кыргызстан-Мьянма беттеши 10-октябрда өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча Дүйнө биринчилигине (2022-жыл) жана Азия Кубогуна (2023-жыл) тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курамасынын Мьянма менен боло турган оюну 10-октябрда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:30да башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курамасы аталган мелдештерге тандоо баскычынын алкагында Тажикстан менен ойноп, атаандаштарына 0:1 эсебинде утулуп калган. Ал оюн Тажикстан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий