• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу 2018 – эң кымбат билет 1100$ турат

Спорт 0

Бишкек, 21.09.17. /Кабар/. 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда эң кымбат билет 1100 АКШ доллары, ал эми эң арзаны 105$ болот. Футбол боюнча эл аралык федерация 14-сентябрдан тарта билеттерди саттыкка чыгара баштаган.
РИА Новости билдиргендей, билет баасы оюндун тайпалык баскычына карап бааланат. Мисалга, эң кымбат билет оюндун ачылышына – 550$ турат, арзаны – 220 АКШ доллары. Тайпалык баскычтагы өтө турган оюндарга билеттер 150 доллардан 210$ чейин болот.
Оюндун 1/8 финалына билеттер бир аз кымбат турат, ал эми жарым финалга - 285$ тарта 750$ чейин болот. Финалдык оюнга билет баасы – 1100 АКШ долларынан 455$ чейин.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2018-жылы Россияда 14-июндан баштап 15-июлга чейин өтөт. Оюндар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Екатеринбург, Саранск, Самара, Сочи, Ростов-на-Дону, Калининград, Нижний Новгород жана Волгоград шаарларында орун алат.

Пикир

Оставить комментарий