• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Футбол боюнча Казакстан курамасынын машыктыруучусу кызматтан кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Казакстандын футбол федерациясы болгариялык адис Станимир Стоилов улуттук кураманын башкы машыктыруучулугунан кеткенин билдирди.

Мекеменин сайтында жарыяланган билдирүүдө бул эки тарап биргеликте кабыл алган чечи экени жазылган.

51 жаштагы болгариялык адис Казакстан курамасын өткөн жылдын башынан бери машыктырып келген. Ага чейин бир жыл «Астана» футбол клубунда башкы машыктыруучу болгон.

Казак курамасы Стоиловдун жетекчилиги алдында бир нече жолдоштук беттеш өткөрүп, УЕФАнын Улуттар лигасына катышкан.

Пикир

Оставить комментарий