• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол боюнча КР курамасы (U-17) Япониядан утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы (U-17) CFA International Youth Tournament эл аралык турниринин алкагында Япониянын курамасынан утулуп калды. Мелдеш ушул тапта Кытайдын Цзянинь шаарында өтүп жатат.

Оюн 1:2 эсебинде жыйынтыкталган. КР курамасынын оюнчусу Адилет Каныбеков өз атаандаштарынын дарбазасына топ киргизген,-деп билдирет футбол федерациясы.

20-майда кыргызстандык оюнчулар Ирандын өспүрүмдөр курамасы менен беттешет.

Биринчи оюнда КР спортчулары 0:1 эсебинде Кытайдын курамасынан утулуп калган.

Эске сала кетсек, КРдин 17 жашка чейинки өспүрүмдөр курамасы CFA International Youth Football Tournament 2018 эл аралык турнирине катышууда. Турнир 16нан 20-майга чейин Цзянинь (Кытай) шаарында өтөт. Ошондой эле мелдешке Иран, Япония жана Кытайдын курамалары катышууда.

Бардык оюндар Jiangyin Sports Centre стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий