• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты 6-апрелде башталат

Спорт 0

Бишкек, 02.04.19 /Кабар/. 6-7-апрелден тарта футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты (Кыргыз премьер-лига) башталат. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Жалпысынан сегиз команда жолдомо алып, алар республиканын чемпиону деген наамы үчүн күч сынашат.

6-апрелде: "Абдыш-Ата" – "Илбирс", "Алай" – "Кара-Балта".

7-апрелде: "Дордой" – "Академия-Лидер", "Алга" – "Нефтчи".

Эске салсак, буга чейин футбол боюнча чемпионат Топ-лига деп аталчу. Быйылдан тарта турнирдин аты – премьер-лига – болуп өзгөртүлгөн.

Быйыл чемпиондун үчүн жалпы 8 команда ат салышат.

  • "Абдыш-Ата" – Кант
  • "Академия-Лидер" – Ош
  • "Алай" – Ош
  • "Алга" – Бишкек
  • "Дордой" – Бишкек
  • "Илбирс" – Бишкек
  • "Кара-Балта" – Кара-Балта
  • "Нефтчи" – Кочкор-Ата

Пикир

Оставить комментарий