• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Омандыктар менен кезигет

Спорт 0

Бишкек, 21-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы 21-июлда Азия чемпионатынын экинчи тандоо турундагы А группасында Оман командасы менен беттешет.

Аталган спорттун түрү боюнча федерациянын билдиришинче беттешүү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 19:00дө орун алат.

Омандар менен болгон беттеште “Алга” командасынын коргоочусу Аскар Салиев оюнга катыша албайт, себеби ал Ирандыктар менен болгон беттеште оюндан четтетилген болчу.

Эскерте кетсек, 19-июлдагы биринчи тандоо турунда Кыргызстандыктар Ирандын командасы менен ойноп, аларга 1:2 эсебинде утулуп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий